Ош. Жеңил атлетика боюнча шаардык мелдеш өттү
12-13-ноябрь күндөрү Ош шаарында окуу жайлар арасында жеңил атлетика боюнча шаардык мелдеш болуп өттү. Спорттук иш-чарага жалпы 200гө жакын спортчу катышты. Жыйынтыгында 1-орунга Ош мамлекеттик университетинин спортчулары, 2-орунга Ош технологиялык университети жана 3-орунга Ош гуманитардык педагогикалык институту ээ болду. Жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан даярдалган сыйлыктарга жана дипломдорго ээ болушту. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин адистери билдирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.