super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "БШК сайтындагы катачылык боюнча далилдүү түшүндүрмөнү биз да талап кылабыз"

 

"Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаев социалдык тармак аркылуу билдирүү таратты. Анда ал бардык саясий күчтөрдү кол менен саноо процессине активдүү катышууга чакырды.

"28-ноябрда кечинде шайлоо босогосун алдын ала жыйынтык боюнча 10 партия басып өттү деген кабар чыккан учурда Алтынбек Сулайманов экөөбүз штабга келген журналисттердин суроосуна жооп бергенбиз. Ошондо бир нече партиянын Жогорку Кеңешке келгенин кубаттап, бул шайлоодо мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу административдик ресурс колдонулбаганын, акча таратууларды да күч органдары мурдагы шайлоолорго караганда тыкыр көзөмөлдөгөнүн, бирок айрым партиялар түрдүү ыкма менен сатып алуу аракетин жасаганын белгилегенбиз. Бул партиянын атынан эмес, жеке интервью болгон. Ошондон бери кандайдыр бир билдирүү жасаган жокпуз, ошол учурдагы маектен үзүндүнү ар кандай өңүттө бурмалабаганга чакырам. Маектен көп убакыт өтпөй БШК сайтында коомчулукта күмөн жаратчу жагдайлар орун алды. Анын баары тез арада териштирилип, элге ачык жана так маалымат берилиши керек!
Бардык саясий күчтөрдү кол менен саноо процессине активдүү катышууга чакырам. БШК сайтындагы катачылык боюнча далилдүү түшүндүрмөнү биз да талап кылабыз", - деп жазды Жанар Акаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: