super.kg logo

"Орусияга барам деп чыгып кеткен". Араванда 52 жаштагы тургунду өлтүрүүгө шектелип 3 адам кармалды

 
Ош облусунун Араван районунда дайынсыз жоголгон 1969-жылы туулган тургун киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталып, кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү маркумдун 22 жаштагы баласы Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу атасы 20-ноябрь күнү Орусияга барам деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирип, арыз менен кайрылган.
29-ноябрь күнү ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө Араван районунун тургундары 34 жаштагы А.Б., 28 жаштагы Ш.О., жана 27 жаштагы Р.Ф., аттуу жарандар өлтүргөндүгү аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык Кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, мындай окуянын чыгуу себеби маркум менен кылмышка шектүүлөрдүн ортосунда аласа-бересе болгондуктан, талаш-тартыштан уруша кетип аягы өкүнүчтүү окуя менен аяктаган.
Учурда кылмышка шектүү жарандардын башка кылмышка катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча да ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
30.11.2021. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шакалдардын сакалдарын алып по жизннено камаш керек бир үй бүлөнү атасыз калтырды.
30.11.2021. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иттер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: