super.kg logo

Кыргызстанда бизнести башкаруу боюнча насаатчылык программасы старт алууда. Ага мүчө болууга али кеч эмес!

 

Кыргызстанда “Бизнестеги айымдар” программасына насаатчыларды жана шакирттерди (менти) кабыл алуу мөөнөтү аяктап жатат. Долбоорду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы “Курак” аялдар форуму менен биргеликте ишке ашырууда.

Программага катышуу үчүн насаатчылык ролго бизнесте кесиптик тажрыйбасы мол айымдар жана эркектер чакырылат, алар өздөрү билген билимдерин ишкер айымдарга өткөрүп берип, баалуу кеңештери менен бөлүшүүсү шартталат.

Ошол эле учурда бизнести эффективдүү башкарууну үйрөтүү үчүн шакирттерди кабыл алуу жүргүзүлөт. Тажрыйбалуу насаатчылар менен кызматташуу аркылуу бизнес ээлери орто жана узак мөөнөттүү келечекте өз бизнесин өнүктүрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат. Тандоо жыйынтыгы боюнча ийгиликтүү жана тажрыйбалуу 20-35 бизнестин кесипкөйлөрү 35 шакиртке насаатчы болуп калышат. Алар чогулуп каржылык сабаттуулук, бизнести пландаштыруу, жаңы товар же кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу, маркетинг, сатууну пландаштыруу жана өндүрүштү өркүндөтүү сыяктуу маселелерди чечмелеп чыгышат.

Насаатчылык программасынын мурдагы этаптарын ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча, алынган тажрыйба жана билимдер шакирттерге Кыргызстанда кошумча жумуш орундарын түзүүгө, бизнесте инновацияларды киргизүүгө, продукциянын жаңы рынокторун ачууга, сатуу көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө жана жалпысынан бизнесинин рентабелдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Программага катышуу үчүн арыздарды кабыл алуунун аякташына 10 күн калды. Анкетаны шилтеме аркылуу толтурсаңыз болот: https://msto.me/card1636697185/

Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү 8-декабрь. Жыйынтыгы 15-декабрда жарыяланат.

ЕРӨБдүн “Бизнестеги айымдар” программасы, бул – Кыргызстандагы бизнестеги лидер аялдар үчүн комплекстүү каржылык жана техникалык колдоо пакети болуп саналат. Долбоор каржыга жетүүнү жеңилдетүү жана бизнес тармагындагы аялдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Программа кредиттик линияны, коммерциялык банктарды кредиттөөнүн жакшы шарттарын сунуштоого шыктандыруучу тобокелдикти бөлүштүрүүнүн механизмин, ошондой эле бизнесин өнүктүрүүнү каалаган аялдар жетектеген чакан жана орто бизнес үчүн кеңеш берүүнү жана насаатчылыкты сунуштайт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.11.2021. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекер окутабы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: