super.kg logo
  Спорт  

Франк Рибери: “Жубайым “Алтын топту” коюу үчүн үйдөн орун даярдап койду”

 

“Мен ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” катары “Алтын топту” алууга даярмын”,-дейт франциялык футболчу, мюнхендик “Бавариянын” клубунун жарым коргоочусу Франк Рибери. Бул пикирин ал европалык басылмалар менен болгон маегинде билдирди.

 

“Менин жубайым үйдө “Алтын топту” жайгаштыруу үчүн орун камдап койду. Мен “Алтын топ” тууралуу ойлонбоого тырышып жатам. Бирок менин жубайым жана “Баварияда” ойногон өнөктөштөрүм бул сыйлыкты быйыл мен алышым керек экенин айтышууда. Мен да 2013-жылы көрсөткөн оюнумду карап, бул сыйлыкка татыктуумун деп ойлойм”,- дейт футболчу.

 

Эске салсак, ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” наамы жыл сайын тапшырылат. Быйыл ФИФА бул сыйлыкка талапкер 23 футболчунун ысымын атаган. Декабрь айында добуш берүүнүн жыйынтыгында эң көп добуш топтогон 3 футболчунун аты аталат. “Алтын топтун” ээси 13-январда белгилүү болот. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
15.11.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы оюндарды кароо менен бул сыйлык Криштиану Роналдуга берилээри айдан ачык болуп калды. Рибери кыялданып алган окшойт

15.11.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80% Криштиану Роналдого бериш керек эгер Фифанын директору ачык и таза добуш откорсо,бирок Роналдого болгон и Реалга болгон коз караш башкача экен бул кишинин,билбеймда кандай болор экен,бирок Роналдо тактуу
15.11.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен Роналдого добуш берем !
16.11.2013. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рибери алышы керек...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: