super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартуу сунушу. Парламент комиссия түзүүнү талкуулап жатат

 

Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасынан Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу боюнча комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда парламенттин жыйынында төраганын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева айтты.

Касымалиева Башкы прокуратура тарабынан келген сунушту окуду. Сунушта жогоруда аты аталгандарды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу боюнча жазылган.

"Биз Жогорку Кеңеш башкы прокурордун сунушу түшкөндөн кийин регламентке ылайык, 48 сааттын ичинде комиссия түзүшүбүз керек. Анын курамын саны боюнча айтыңыздар", - деди Касымалиева.

Анткени менен айрым депутаттар комиссия түзүүнүн кажети жок экенин айтып чыгышты. Буга алар комиссия Башкы прокуратуранын сунушун бир ай ичинде карап чыгыш керек экенин, бул убакыт ичинде Жогорку Кеңешке VII чакырылыштын депутаттары келерин жүйө келтиришти.

Ошол эле учурда комиссиянын мүчөсүнө канча адам кирсе туура болорун айткан эл өкүлдөрү да бар.

Учурда комиссия түзүү тууралуу талкуу уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: