Депутат Бердиев: "Мурда Асылбек Жээнбековдун кабинетине киргендер өздөрүн бактылуу деп сезишчү эле"
Бүгүн, 1-декабрда парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасынан Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу боюнча комиссия түзүү сунушу каралууда.
Депутат Аккулу Бердиев "мурда Асылбек Жээнбековдун кабинетине киргендер өздөрүн бактылуу деп сезишчү эле" деген пикирин айтты. "Башына иш түзүп турган КСДП фракциясынан депутаттар жана башкалар качып кетишти. Жардам берели деген эч ким жок. Мына жаңы депутат келгени жатат. Бул маселени кароону ушуларга эле калтыралы. Мен бул киши менен саламдашкан да эмесмин, чай да ичкен эмесмин. Кыйынчылык болуп турганда мындай кылгыла деп уруксат берген туура эмес. Бул маселени жаңы депутаттар карасын", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

