super.kg logo

Колдонулган буюмдарды топтоодо Tazar тиркемесин колдонуңуз жана «Керемет Банктын» сыйлыгына ээ болуңуз

 


"Керемет Банк" алдыда боло турчу өзүнүн 11 жылдыгына карата “Tazar” компаниясы менен биргеликте "Шаарыбыздын экологиясы өз колубузда" аталышындагы биргелешкен акция өткөрө тургандыгын белгилейт.

Tazar компаниясы менен «Керемет Банктын» баалуулуктары бири-бирине дал келет – бул өлкөнүн тазалыгы жөнүндөгү кыргызстандыктардын экологиялык ой-жорусун калыптандыруу. Биргелешкен демилгеге ылайык борбор шаарды колдонулган жана көчөлөргө калтырылган буюмдардан арылтууну өз милдетим деп эсептеген жоопкерчиликтүү тургундар жыйнаган желимдерди, металлдарды, айнек идиштерди жана кагаздарды кайра иштетүү үчүн “Tazar” компаниясына жөн гана өткөрбөстөн ошол эле учурда «Керемет Банктын» сыйлыктарына ээ болушарын белгилей кетмекчибиз.

Эгерде сиз Кыргыз Республикасынын жараны жана жашы 18ге толгон Бишкек шаарынын тургуну болсоңуз, анда аталган акцияга катышуу максатында топтогон, колдонуудан чыккан буюмдарды “Tazar” компаниясына өткөрүп берип, Tazar App уюлдук тирмекесинде тиешелүү балл топтой баштаңыз – 1 кг колдонулган буюм 1 баллга барабар.

Топтолгон 10, 20, 30 жана 70 балл биринчи 34 жигердүү пайдалануучуга аталган баллдарды «Керемет Банкка» өткөрүп, ал үчүн сыйлык алууга толук кепилденген укук берет:

10 балл – бул 1000 сом пайдалуу балансы бар «Элкарт» төлөм картасын + эко-баштыкчасын чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүчү 1 сертификат (11 позиция);
20 балл – бул 1000 сом пайдалуу балансы бар UnionPay Gold төлөм картасын + эко-баштыкчасын чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүчү 1 сертификат (11 позиция);
30 балл – бул 1000 сом пайдалуу балансы бар Visa Gold төлөм картасын + эко-баштыкчасын чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүчү 1 сертификат (11 позиция);
70 балл – бул 11 000 сом пайдалуу балансы бар UnionPay Diamond Asia Prestige төлөм картасын + эко-баштыкчасын чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүчү 1 сертификат (1 позиция);

Топтолгон баллды сыйлыкка алмаштыруу үчүн паспорт менен саат 09:00дөн тартып 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча "Керемет Банкка" келүү зарыл: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көч, 40/4. Акциянын алкагында белек кылынуучу төлөм карталары оң баланс менен жеңилдетилген шарттарда чыгарылат, башкача айтканда милдеттүү камсыздандыруу депозити жана тейлөө кызматы үчүн акы алынбайт.

Акция өткөрүү мезгили ичинде, тагыраак айтканда 2021-жылдын 1-декабрынан тартып 2022-жылдын 1-апрелине чейин ар бир жеңүүчү банктын бир сыйлыгына ээ боло алат. Сыйлыктардын белгиленген санына байланыштуу акция белгиленген мөөнөтүнөн мурда аякташы ыктымал. «Керемет Банктын» жана Tazar компаниясынын жумушчулары, ошондой эле аффилирленген адамдар акцияга катыша алышпайт.

Акциянын шарттары тууралуу бул шилтеме аркылуу кирип (https://keremetbank.kg/kg/offers/aktsiya-sobirayte-vtorichnoe-syre-s-prilozheniem-tazar-i-poluchayte-prizy-ot-keremet-banka ), ошондой эле (0312) 55 44 44 номуру аркылуу чалып же (0557) 55 44 (W/A) номуруна жазып кененирээк маалымат алууга болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: