super.kg logo
  Саясат  

Бюллетенди кол менен саноо эмнеге көпкө созулууда? Шайлдабековадан жооп

 

Бүгүн, 1-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого катышкан партиялардын жыйыны өтүп жатат. Анда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуштарды кол менен саноо боюнча буларга токтолду.

"Биздин система боюнча күмөн саналгандыгына байланыштуу ачык-айкын болушу үчүн жолдорун көрүп жатабыз. Добуш берүүнүн жыйынтыктары саналып, этап-этап менен өтөт. Участкалык шайлоо комиссияларында кол менен саноо бүтүп, округдук комиссияларга жеткирилген. Шайлоонун жыйынтыгы кол менен саноонун жыйынтыктарынын негизинде аныкталат. 3 күндүн ичинде БШК арыздарды кабыл алып карашат.

Комиссиялардын чечими арыз боюнча, округдардын жыйынтыктарынын негизинде чечилет. "Кол менен саноолор эмне үчүн көпкө созулуп жатат?" десеңиздер, ага убакыт керек болду. Анткени ар бир шайлоо участогу боюнча 23 протокол талап кылынат. Ошондуктан анын баарын даярдап өткөргөнчө убакыт өтүп жатат. Ар бир протокол маалымат системине киргизилет", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: