super.kg logo

"Неберелеримди коркутуш үчүн сүйлөп койгом". Сузакта WhatsApp аркылуу жалган маалымат тараткан аял аныкталды

 

WhatsApp мессенжери аркылуу Сузак районунун аймагында массалык түрдө балдар уурдалып жатат деген үн жаздыруу тараган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы аудио боюнча териштирүү жүргүзгөн.
Мекеменин маалымат кызматынан белгилешкендей, билдирүүдө белгисиз аял жалаң 3-4-5-класстын окуучулары уурдалып жатканын айтат. "Жаңылык! Биз жакта балдар уурдалып жатат. Сузакта кечинде дагы 2 бала уурдалыптыр. Ошол менен бешөө, бешөөнүн ичинен төртөө дайынсыз. Бирөө Кызыл-Байрак, Благовещенканын адырынын түбүнөн ичин жарып, ички органдарын алып кетти. Жүрөк, бөйрөк ушуларын алып кетиптир. Ошол жерден өлүгү табылыптыр. Калгандарын таппай жатышат. Ошко чейин издеп барышты. 2 аял уурдап жатыптыр. Сүрөтү менен чыкты. Мен сабак берген класстан 1 окуучу жок. Биринчи ошол жоголду. Анан калгандары жоголду. "Айбек" мектебинен 1 баланы көтөрүп качып бараткан жеринен элдер көрүп калып кыйкырып, машинасына жетейин дегенде таштап коюп качып кетип калыптыр. Жалаң 3-4-5-класстын балдары уурдалып жатат", - деп айтылган видеодо.
Бул боюнча облустук ички иштер башкармалыгынын жана Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы аудио билдирүүнү мессенжердеги тайпаларга тараткан Сузак районунун 67 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ал бул үн жаздырууну өзүнүн уулуна жөнөткөндүгүн, ал небересине жөнөтүп, небереси башка тайпаларга бөлүшүп жибергендигин, жасаган ишине өкүнүп жаткандыгын айтып, жалпы коомчулуктан кечирим сурады.
Бул факты текшерүүнү талап кылган материал болуп катталып, учурда алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
01.12.2021. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чоон эле аял экенго, ошентип дурботуштун кереги бар беле
01.12.2021. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
1 айга камап койгула , башкаларга сабак болсун . Чон эле аял ошентип атса , жаштарга даба жок .
01.12.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жалган маалыматты тараткан кылмыш болуп саналат.
01.12.2021. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок. Сумая жана башка жоголгон балдар каякка кеттип атат. Бул эже тамашалаптыр. Бирок жоголгон балдар каяка кетип атат.
01.12.2021. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Камаш керек 3 жылга. Бир жыл да эмес.
01.12.2021. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алжыган кемпирлер сабак бергенди не кылат дөөрүп отуруп. Булар балдардын психологиясын бузат жаштарга орун берип кет да үйүңө апыртмалуу жомогуңду үйүңдүн ичинен небереңе айтасыңбы чөбөрөңө айтасыңбы кең кесири айтып кысып эле отур да. Мугалим имиш болуп алганын
02.12.2021. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы Бир бала жонотуптур го ушундай голос Аксыда болду деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: