super.kg logo
  Саясат  

Токтайым Үмөталиева шайлоо күнүнө чейин айтылган маселелерди кайрадан ортого койду

 

БШКда шайлоого катышкан партия өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өтүүдө. Анда нааразы тараптын суроолоруна комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жооп берди.

"Мен сизге документтердин пакетин алып келгем, анын ичинде 12 кат бар болчу" дегенден баштаган Токтайым Үмөтлиева шайлоо күнүнө чейин айтылган маселелерди кайрадан ортого койду. Жыйында каралып жаткан маселелерге байланыштуу ал шайлоого кызмат кылган системалык аппараттын мөөнөтүнүн бүткөндүгүн төрайым буга чейин эле айткандыгын жана автоматтык эсептөө урналары программасынын адиси сырткы таблицаны оңдогонго акысы жок деп айтып чыкты.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүнкү темага гана байланыштуу суроолорго жооп берерин айтты.

"Мыйзамдын талабы боюнча тутумдук аппараттын сертификаты жыл сайын жаңыланып турушу керек эмес. Сертификаттын талапка жооп бериши жана ал сертификат техника чыгарылган жерден гана алынат. Анын БШКга алынып келгендиги тууралуу сертификаты турат. Ал эми техникалык адис таблицаны оңдоосу боюнча айтсам, сырткы таблицаны ал оңдоого болот, системага кирүүгө гана тыюу салынган", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: