Министр Осмонбек Артыкбаев “быйыл сууну үнөмдөйбүз” дейт
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев бүгүн, 15-ноябрда “Республика” фракциясынын жыйынында “быйыл сууну үнөмдөшүбүз керек” деди.
Айта кетсек, жыйында кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Министр билдиргендей, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыдан 1 миллиард метр кубга аз. “2014-жылдын 1-апрелинде суу сактагычтагы суунун көлөмү 9 миллиард метр куб болушу болжолдонууда. Бул быйылкы жылдын 1-апрелине салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга аз. Буга байланыштуу сууну үнөмдөөгө туура келет”,- деди Артыкбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















