super.kg logo

Өмүрбек Текебаевге кол салгандарды аныктоо иши ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды

 

Өмүрбек Текебаевге кол салгандарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Факты боюнча бардык жагдайлар текшерилип, шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактоо жана аларды кармоо максатында ыкчам иликтөө, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыштын бетин изин суутпай ачуу үчүн масштабдуу ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Кылмыштын бетин ачуу ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.

Маалымат үчүн:

Бүгүн, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.12.2021. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча бул текенин өзүнүн эле атайын уюштурганы. Бул куу теке жөн каарыбады. Эгерде чындап урганда башкача болмок, билинип эле турат сүйлөшүлгөнү, колуна да 10мин сомдук эле тел.көтөргөнү. Ошо балдар чындыгын айтып абийри ачылса экен куу текенин. Каарыганда жакшына авторитет менен каарыса болмок, урмат сыйдан калбады мында да.
01.12.2021. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazira...,ким кылса деле сооп эле кылыптыр бул текеге аздык кылат алдыман чыксын чабып олтуруп саламын
01.12.2021. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийлик, акча адамды ушунчалыка алып барабы тообо! Текебаев мырза сиз эми газета окууп, тапкан байлыгынызга уй булоонуз менен эс алчу деле убакыт келди окшойт. Мен эс тартканы бир пайдалуу ишинизди укбадым, только бийлик менен тартышканынызды эле угуп келем.
01.12.2021. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элди дүрбөтүш үчүн уюштурулган оюн.

Кол салуу болгондо 1 адам эле жетишмек Текеге. 100 адамга телефон,очки керек болду бекен чындыка дал келбейт.
Өзүңөр эле уюштурдуңар чыр чыгарыш үчүн, бийликти алыш үчүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: