Орусиялык блогер Кыргыз жаранына Дубайга саякаттап келүүгө жолдомо берди. Буга чейин ал Кыргыз жаранына Айфон 13 берген
Дава аты менен таанылган орусиялык блогер Давид Манукян Кыргыз жаранына Дубай шаарына эс алууга жолдомо белек кылды. Мындай видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Видеодо көрүнгөндөй, интернет жылдызы Дубай шаарына саякаттоо үчүн команда чогултуп жүргөн. Соода борборунан жайкы кийим издеп жүрүп, кыргыз кызын жолуктуруп калат. Ал блогерди таанып, учурашкандан кийин Кыргыз өлкөсүнөн экенин айтты. Блогер буга таң калып, аны Дубайга командасы менен чогуу саякаттап келүү үчүн алып кете турганын айтканда, кыргыз кызы көзүнө жаш алды.
"Бул өлкө мен үчүн өз өлкөмдөй эле болуп калды. Мен эми ал өлкөгө учуп барышым керек", - деди блогер.
Эске сала кетсек, ноябрь айында Давид Манукян кыргыз жигитине жакында эле чыккан Айфон 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефон белек кылган.
Орусиялык блогер Кыргыз жаранына Дубайга эс алууга жолдомо берди


1 |