Өмүрбек Текебаевге кол салуу: Мушташка катышкандардын бири Токмок шаарынын депутаты экени айтылууда
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири Токмок шаардык кеңешинин депутаты Анарбек Маликов. Аны Токмок шаарынын тургундары видеодон тааныганын кесиптеши Чолпон Сыдыкова билдирди.
Сыдыкованын айтымында, интернетке тараган видеодо Анарбек Маликов Өмүрбек Текебаевге кол салган адамды артка тарткан.
"Бул Анарбек Маликов. Ал депутаттыкка талапкер болуп жеңишке жеткен Медербек Саккараевдин жээни. Экөө тең Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев менен дос. Булар өзүнчө топ болуп, ар дайым чогуу жүрүшөт. Кечээ саат 11:00дө Токмоктогу "Мегаполис" ресторанында жаштар чогулуп жатканы тууралуу маалымат тараган. Муну силер Ленин жана Пионер көчөлөрүнүн кесилишиндеги видео камералардан көрсөңүздөр болот. Анан алар Токмоктон чыгып кеткени тууралуу маалымат келди. Мен аларды таанып, бул бандиттердин ким экенин айтуу үчүн атайын келдим", - деди ал.
Ал эми, Урмат Самаевдин өзүнөн комментарий алуу азырынча мүмкүн болбой жатат.
Кечээ, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирди.
Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири Токмок шаарынын депутаты экени айтылды


1 |