super.kg logo
  Саясат  

Президенттин иш башкармасы менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бирикти

 

Президенттин иш башкармасы менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бирикти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Жарлык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, президенттин иш башкармасынын жана Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын базасында президенттин иш башкармасы түзүлөт.

Президенттин иш башкармасы мамлекет башчынын, Жогорку Кеңештин, министрлер кабинетинин, президенттин администрациясынын жана Жогорку Кеңештин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: