super.kg logo

зыркы бийликти колдоп туруу жаран катары милдетим деп билем" дейт Бек Борбиев

 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан талапкер, Кыргыз Эл артисти Бек Борбиев шайлоонун жыйынтыгы боюнча пикирин калтырды.


"Элибиз дагы деле кара курсактын, тууган, жердешчиликтин деңгээлинен көтөрүлө элек экен. Жарымынан көбү эртеңкиге ишенбейт, кайдыгер, шайлоого сүйрөсөң да басып келбейт. Кайра шайлоо болсо деле, жыйынтыгы дал ушундай болот", -
дейт Бек мырза.

Ал шайлоого катышкан талапкер катары өзүнүн оюн калтыргысы келгенин белгиледи.

"Шайлоо кандай өттү? Эл акыркы мүнөттөргө чейин "баары бир акча бересиңер да" деген таризде көгөрүп күтүп отурду. Мен бере алган жокмун. "Кээ бир кандидаттар агитатор деген атка жамынып, берип жатат, сен дагы ошенткин" дешти, андай кылганга да каражатым жок эле. Көнгөн адат калабы демекчи, кээ бир административдик ресурстун өкүлдөрү тымызын иштеп тиги же бул талапкерлердин камчысын чаап жатат дегендерди угуп жаттык. Бирок далилдүү шайлоо бүткөн соң гана жыйынтыктан билип отурабыз. Акыйкатта мурдагыдай башаламан акча таратуу, мугалим, дарыгерлерди тизме көтөртүп, алдына салып иштеткендер болгон жок. Бул шайлоону ушул жеңиштери менен эстеп каларыбызга шек жок. Бир кадам болсо да алдыга жылдык.

Мен өзүмдүн оюмдагыдай добуш албай калдым. Адам өзүнүн салмагын ушинтип кээде билип жүрүш керек. Жигит буга сынып калбай, тескерисинче, чыйралыш керек деп түшүнөм. Демек, коомго мендей адамдар анча деле зарыл эмес, а кандай адамдар керек экени шайлоонун жыйынтыгы көрсөттү.

Мен шайлоонун эртеси эки доско "акча таркатууну тыйып, административдик ресурсту толугу менен тыя албадыңар" деп пост жаздым эле. Бирок ал жазганымды айрым саясий күчтөр өз кызыкчылыгына колдонуп, айгай салып баратканынан алып салдым. Анткени мен төңкөрүш, башаламандыкка каршымын. Азыркы бийлик колунан келишинче таза өткөргөнгө аракетин жасады, көрүп турдук, Кудай күбө.

Мен дагы оппозиционер болуп кетмекмин, эгерде азыр бийликте турган жигиттерден башка эл үчүн жакшы "вариантты" көрүп турсам. Жеке пикиримде андайлар жок. Бирок буларды аңтара чабабыз деп аткандар кыргызга пайдасынан зыяны көп болгонун баарыбыз билебиз. Андыктан мен өзүмдүн амбицияларымды тизгиндеп, тескерисинче, азыркы бийликти колдоп туруу жаран катары милдетим деп билем. "Кумтөрдү" элге алып берген адамдарды жамандап, "Кумтөрдүн" акчаларын 30 жыл жеген адамдарды колдой албайм.

Оппозиция деп коркпой бүтүндү өткөргөндөрдү жамандап, убагында өтпөй калса да бүтүндүн ордуна өтүп алгандарды колдой албайм. Кыргызды түз жолго салып бараткандарды жектеп, далай жылдар өлкөнү аңга түрткөндөрдү жандай албайм. Менин жеке амбицияларым мамлекетибиздин кызыкчылыктарынын алдында тырмактай дагы салмагы жок деп билем", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(17)
02.12.2021. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Молодец эркек деген ушундай болуш керек,сыйлайм Бек байкени.
02.12.2021. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азамат экенсин мурдагыдан да кобуроок сыйлап калдым
02.12.2021. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кучтуу.. прям прет...патриотизмом...
02.12.2021. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акмактарга тенелбейин дептир да. Аларга салыштырмалуу акылдуу адам, Бек байкебиз...
02.12.2021. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Antiradikal10,оой тообо позитив коментарий да жазат экенсинер ээ
02.12.2021. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура кылыптыр
02.12.2021. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эркек деген атын булгабаптыр, азаматсыз! Бизге азыр тынчтык аба менен суудай керек!
02.12.2021. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо Бек байке менен элдешкен окшойт э?эми медиа порталдан ырларын да угуп каларбыз.
02.12.2021. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эки сүйлөйт го
02.12.2021. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Беродор(Бек) Борбиев братка бүгүн беш.
02.12.2021. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Көптөрү айтайын жеп жеткире албаганды ,жакшы жеткире айтыптыр.Аңга түшүп сынган арабаны ,чыгарып сүйрөп кетиш өзү оңой эмес.Сынык арабаны зорго сүйрөп баратса,калтырап.Колдон талашкандай болбой жол бошотуп,жардамдашкан жакшыго дейм
02.12.2021. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликте эки акмак бар экен, сынык араба онолбойт. Бийликтеги кадрлардан журок айныйт, уурулар, аферисттер, аоа коодондор, Батыштын шпиондору, чимкириктер. Мына ушулар олкону ондоп кетеби? Ким ишенет буга?

Бек байке бийликтеги акмактарга тенелбей туура кылыптыр деп жазсам бийликтин дакансалары тушунгон жок. Айткан менен бекер экен деп кол шилтеп койду да.
02.12.2021. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Antiradikal10,сени менен Бир жолугуп суйлошкум барда..ним козуно салып корсотуп койомго
02.12.2021. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жашоодо чорт кыял,текебер адамсыз,аны баардыгы билет,орой суйлоп созго чоркок элениз,а бирок жазуу турундо оюнузду жакшы жеткире алат экенсиз...
02.12.2021. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
surgeon777,минус баскандар бу торчоктун туугандары окшойт)))
03.12.2021. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тушундуруу иштерин жургузуп койушкан го буга.
03.12.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бек байкени эч ким саясатчы катары эмес, күчтүү, таланттуу,обончу аткаруучу кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти катары эле жүргөнү жакшы го дейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: