Ахматбек Келдибеков БШКнын сервериндеги маалыматтарды өзгөрткөнгө БШКнын мүмкүнчүлүгү жок экенине ынанганын айтты
Саясатчы Ахматбек Келдибеков БШКнын сервериндеги маалыматтарды өзгөрткөнгө БШКнын мүмкүнчүлүгү жок экенине ынанганын айтты. Бул тууралуу видео МТРК "ЭлТР" каналына жүктөлдү.
"Бүгүн мен УКМКда сурак берип чыктым. Ал жерге санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев жана БШКнын башкармалыгынын башчысы Асар Акимбаев болуп 2 сааттан ашык талкууладык. Ал жерде проценттин кандай болуп өзгөргөнүн, кээ бир добуштар эмне себептен эки добуш болуп эсептелгенин ачыктадык. Чындыгында ал жерде БШКнын адистери элементардык ката кетиргени далилденди.
БШКнын сервериндеги базаны өзгөрткөнгө БШКнын же башкалардын мүмкүнчүлүгү жок экенин көзүм менен көрүп, ишенип турам", - деген ал.
Буга чейин Келдибеков УКМКда 5 саат сурак берип чыкканы айтылган.
Кечээ, 1-декабрда Ахматбек Келдибеков видео баяндамалар боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга чакыртылган болчу.
кошулду
Ахматбек Келдибеков БШКнын сервериндеги маалыматтарды өзгөрткөнгө БШКнын мүмкүнчүлүгү жок экенине ынанганын айтты.

Шайлоо таза отпогону учун чычалап УКМКга суракка чакырып отурат.
Шайлоо салыштырмалуу таза отуп келе жатканда шайлоо бутоору менен шайлоо жыйынтыктары озгоруп кетти. Демек электрондук шайлоо урналарына кундузу эле жыйынтыктарды озгортуу боюнча команда берилген бийликтин айтишниктери тарабынан.
Плюс Ташиев Ата-Журт партиясын шайлоого катыштырып ша
Шайлоо жыйынтыгы бурмаланса да Жараров баш болуп актанып жатышат. Кыскасы бул бийликтин кыйратпаганы ушул. Тунуло бергиле...