super.kg logo

"Үч кой союп келдик" деп айтышкан. Токмокто 3 адамды мыкаачылык менен өлтүргөн 2 жаранга сот өкүм чыгарды

 

19-ноябрда Токмок шаардык соту 3 адамды мыкаачылык менен өлтүргөн эки жаранга өкүм чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык сотунун чечими менен 39 жаштагы Э.Т., 32 жаштагы Д.А. жана 31 жаштагы М.Б. аттуу жарандарды өлтүрүүгө шектелген 36 жаштагы К.Т. жана 31 жаштагы С.М. аттуу жарандар өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышты.

Окуянын чоо-жайы:

9-январь күнү Бишкек шаарында иштеген Д.А. аттуу жаран Токмоктогу эч ким жашабаган үйүнө барган. Барса үйүндө кошунасы Болот (аты өзгөртүлдү) уруксатсыз жашап жаткан болот. Д.А. Болот менен араздашып кетет. Анан үйгө келип уктап жатканда, Болот кирип телефонун алып чыгып кетет. Ал телефонун таппай, кошуналардан үйгө ким киргенин сурайт. Алар Болотту көрүшкөнүн айтышат.

Ошол күнү, 9-январда саат кечки тогуздар чамасында Д.А.нын үйүнө Болот кеминдик К.Т жана С.М. аттуу эки киши менен кирип келет. Алар белгилүү бир себептер менен Э.Т.нын үйүнө барышат. Ал үйгө баш-аягы 10 киши топтолуп арак ичишкен соң жарымы үйлөрүнө кеткен. Ал эми үйдө К.Т., С.М. жана андан сырткары үч адам калат. Ал жерден ич ара чатак чыгып, биринчи Д.А. андан соң М.Б, анан Э.Т. аёосуз токмоктолгон. Э.Т.нын баш сөөгү сынып ошол жерден жан берет.

Д.А.нын апасынын айтымына караганда, уулун сырттан кетмен, күрөктүн сабын чыгарып келип сабашкан. Анын каракуш сөөгү сынып, сөөк ачылып калган мээсине сайылып, оң көзү чыгып кеткен. Бети айнек менен тилинип, денесине төрт жолу бычак сайылган. Ал ооруканага жетпей жан берген.

Э.Т.нын эжесинин айтымында, кошунасы Э.Т.дан кабар алуу үчүн келип, ар кайсы жерде адамдар кан жалап жатканын көрүп милиция менен “Тез жардам” чакырган.

Милиция кызматкерлери үйдө Болоттун болгонун аныкташкан. Аны суракка алганда, ал кеминдик эки эркек тууралуу айтат. Ал экөө өз үйлөрүнөн кармалышкан. Экөө үйлөрүнө кийимдери кан боюнча барып “үч кой союп келдик” деп айтышкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
04.12.2021. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Мындай акмактарды тарс атып салганы болбойт.Адамдын оюна келбеген кылыктар менен 15 жыл кыйнап акыры эки бутун кыркып туруп уйуно жеткирип салыш керек мегиле деп
04.12.2021. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ичкиле дагы, ичимдиктин натыйжасы ушул эле!!!
04.12.2021. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Токмоктуктар өзү криминал да
04.12.2021. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Өлтүргөндөрдүн сүрөтүн көрсөк болмок, өлгөн эмес.
04.12.2021. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мамлекет омур бою багабы эми буларды. Оору жугузуп жок кылыш керек
05.12.2021. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ЯА.Б.И .М.М.ГЕ Ю УШУГА ОКШОГОН АТТАРЫ ЗБ КЫЛДЫ ДАГЫ ОЗГОРТУЛДУ ДЕП ЖАЗЫП КОЙУПТУР ОЗГОРБОГОНДО КАНДАЙ БОЛОТ ЕЛЕ БИЛБЕДИМ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: