super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Самаркандекте мүмкүнчүлүгү чектелгендерге акысыз көмүр таркатылды

 

Самаркандек айыл округунун жооптуу катчысы Салима Мамаярованын берген маалыматына караганда, 3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата округ аймагындагы 83 мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга 60 миң сомдук акысыз көмүр таратылып, 10 миң сомдук азык-түлүктөр берилди. "Аталган күндү белгилөө жана колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгынын алкагында Самаркандек айыл округунда атайын иш-чаралар орун алып, шахта кендеринин демөөрчүлүгү менен Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акысыз көмүрлөрдү таратуу колго алынууда. Ошондой эле айыл округунун ар бир кожолугуна жеке ишкерлер тарабынан арзандатылган баада бир кап көмүр 120 сомдон шахта кендеринен ташылып берилүүдө",- дейт жооптуу катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: