super.kg logo

1 жарым миллиард сомдон ашык зыян келтирилген. Башкы прокуратура коррупциялык схеманы аныктады

 

Мамлекеттик салык кызматынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары спирт ичимдиктерин өндүргөн ири компаниялар менен биргеликте акциздик салыктарды толук өлчөмдө төлөөдөн качуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүшкөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2013-2020-жылдары спирт ичимдигин өндүрүүдөн акциздик салыктардын көлөмү туруктуу мүнөздө төмөндөп, прогноздук көрсөткүчтөрдү аткарбоонун натыйжасында, республикалык бюджетке 1 миллиард 748 миллион сом салык түшпөй, мамлекетке ири суммадагы зыян келтирилген.

Тактап айтканда, Мамлекеттик салык кызматынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары спирт ичимдиктерин өндүргөн ири компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, ченемдик укуктук актыларга жана акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Мындан улам өндүрүүчүлөр тарабынан акциздик марканы жасалмалоого, тийиштүү салыктардын түрлөрүнөн качууга шарт түзүлгөн.

Бул коррупциялык схеманын найтыйжасында, 2013-2020-жылдар аралыгында мамлекетке 1 миллиард 7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан аталган мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлерине Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.12.2021. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1,7 млрд.дын 1,7 миллиону эле тушот эртен. Ошону да кайтара алса...

Ушундай бири кармалды десе эл ууууу дейт. Арадан 1-2 ай отпой сот актап бошотуп жиберген болот...

Бишкек ТЭЦти эле мисалга алалы. Болжолдуу 150-200 миллион доллар уурдалды. Казынага 2 миллион доллар да кайтарылган жок. ТЭЦ боюнча коррупцияга шектелгендер 2 жылга жетпей абактан бошотулушту....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: