super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Бүгүн, 3-декабрда президент Садыр Жапаров менен Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Сүйлөшүүдө мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен евразиялык мейкиндикте өз ара аркеттенүүнү өрчүтүү талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров кесиптешине Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясына жана эл аралык ченемдерге толук ылайык, элдин эрки менен өткөн парламенттик шайлоо тууралуу айтып берди.

Ал орус тарапка шайлоолорго байкоочу катары активдүү катышкандыгы үчүн, Орусия аймагында Кыргыз жарандарын добуш берүүсүн уюштуруудагы көмөгү үчүн, ошондой эле шайлоолорду өткөрүүдөгү орус тараптын жогорку баасы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Өлкөдөгү туруктуулук жана жагымдуу коомдук-саясий кырдаал кыргыз-орус кызматташтыгынын мындан аркы көп пландуу ырааттуу өнүгүүсүнө бекем пайдубал катары кызмат кылат", - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге Орусия тараптын коронавирус инфекциясынын жайылышына жана анын кесепеттерине каршы күрөштө үзгүлтүксүз көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантууга макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: