super.kg logo

Кегети капчыгайында каза болгон 70 жаштагы кореялык туристтин өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүүдө

 

Кеминдеги капчыгайда каза болгон түштүк кореялык туристтин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-декабрь күнү Чүй РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кегети коктусундагы Көл-Төр көлүнүн жанында Кореянын жараны каза болгондугу боюнча кабар келип түшкөн.

Жерине Чүй РИИБинин ыкчам тергөө тобуу барган маалда төмөнкүлөр билинген:

Бишкек шаарында жайгашкан туристик клубдардын бири Кегети коктусуна маршрут менен келишкен. Ал жөө турда башка адамдар да бар болгон. Анын арасында Корея жараны Көл-Төр көлүнө жакындап калганда эч себепсиз жерге жатып калган, ошол жерде адамдар келип биринчи медициналык жардам берген учурда каза болгону билинген.

Окуя болгон жерге ӨКМнын жана "Тез жардамдын" кызматкерлери барган. Корея жараны 1951-жылы туулган Л.Ж. экени аныкталган.

Азыркы учурда өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.12.2021. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Давления которулгон окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: