super.kg logo

Түркияда Режеп Тайип Эрдоганга кол салуу аракети жасалды

 

Түркиянын Сиирт шаарында президент Режеп Тайип Эрдогандын митинги өтүп жаткан жерде атайын орнотулган жардыргыч зат табылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, митингде коопсуздукту камсыздаган полиция кызматкерлеринин биринин унаасынын алдына алыстан башкарылуучу жардыргыч зат орнотулган. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү жардыргыч затты убагында аныктап, жок кылууга жетишкен.

Учурда полиция кызматы окуянын чоо-жайын иликтеп, өлкө башчынын өмүрүнө кол салууга ниеттенгендерди издеп жатканы маалымдалды.

Белгилей кетсек, Сиирт Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан шаар. Президент Эрдоган бул шаарга өзүнүн тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөө үчүн келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.12.2021. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бул киши мусулман ааламына керек.
05.12.2021. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Туран деп турк тилдуулорду бириктиргенге аракет кылып жатат. Бул болсо анча мынча мамлекетке жакпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: