Унаа таптакыр эле жараксыз. Нарында жол кырсыгынан 2 адам каза болду




Нарында түндө жол кырсыгы катталып, 2 адам мерт кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык 6-декабрга караган түнү саат 00:22 чамасында катталды.
"Кочкор районунун Семиз-Бел айылында БМВ үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек, 1 аял киши каза болду (аты-жөндөрү такталууда). Куткаруучулар эркек кишинин жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Жерине 4 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана "Тез жардам" кызматы тартылды", - дешти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
KaGaH

06.12.2021. 10:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырылып бүтмөй болдук кыргыздар жол кырсыктарынан
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.