Бүгүн, 15-ноябрда бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун финалчылары аныкталууда (фоторепортаж)
Баткен облусунан келген Сурайманбек уулу Акжолдон жарым финалдык беттеште нокаут күтүшкөн. Бирок, ал атаандашын 3 калыстын пикири боюнча упай айырмачылыгында утту.


Баткен облусунан келген Сурайманбек уулу Акжолдон жарым финалдык беттеште нокаут күтүшкөн. Бирок, ал атаандашын 3 калыстын пикири боюнча упай айырмачылыгында утту.

Микрофондо алып баруучу өз кызматында... Ал ар бир беттештин жеңүүчүсүнүн жана кийинки болуп рингге чыкчу мушкерлердин тизмесин окуп жатат.

Бокс боюнча КРнын чемпиондугун көрүү үчүн Спорт ордосунун босогосун аттагандардын саны мелдештин акыркы күндөрү улам артууда.

69 килограмм салмактагы мушкерлер финалга чыгуу үчүн беттеш өткөрүшүүдө.

Жарым финалдык оюндар өтүп жаткан маалда көрүүчүлөрдүн арасынан ЖКнын мурунку депутаты Камчыбек Ташиевди да көрүүгө болот. Демек, финалда да келери шексиз.

Бокс сүйгөн атактуулар арасында бильярд боюнча Дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев да бар экен. Ал машыктыруучусу Константин Коробов менен бирге рингдин четинде турду.

КРнын бокс федерациясынын президенти, Башкы прокурордун мурунку орун басары Абдыбакыт Халмурзаев (оңдо).

Рингдин бир бурчунда дарыгер стартта турат. Мындай деңгээлдеги мелдештерде мушкерлердин дарыгерлерге муктаж болгон учурлары көп эле катталат.
Бүгүн, 15-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп жаткан уландар жана кыз-келиндер арасында өтүп жаткан бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугу уланууда.
Бүгүн бардык салмак категориялары боюнча экиден беттеш өтүп, финалчылар аныкталат. Эске салсак, финалдык беттештер эртең 16-ноябрда саат 14:00дө башталат. Мушкерлерди салмакка тартуу эртең мененки саат 08:00дөн 09:00гө чейинки убакытка белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.