super.kg logo
  Саясат  

Эртең Алмазбек Атамбаев 2013-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандын туруктуу өнүгүү стратегиясы менен тааныштырат

 

Эртең президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарында өтчү экономиканын туруктуу өнүгүшү тууралуу Улуттук кеңештин жыйынында 2013-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандын туруктуу өнүгүү стратегиясынын жолун алып чыгат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордо өлкөнү буга чейинки реформалоодогу тажрыйба эске алынды. Жыйында кеңештин мүчөлөрү долбоор менен таанышат жана долбоор ММКларга жарыяланмакчы. Кеңештин мүчөлөрү эки жумадан кийин кайра чогулуп, долбоор тууралуу серепчилердин жана жарандардын ой-пикирин угуп, акыркы толуктоолорду киргизип, чечим кабыл алышат. Кошумчалай кетсек, Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен ушул жылдын 24-ноябрында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн Улуттук кеңеш түзүлгөн. Ал кеңешти президент жетектеп, курамында ЖКнын төрагасы, премьер-министр, Жогорку Соттун төрагасы, Президенттик аппараттын жетекчиси, парламенттеги фракциялардын лидери, Улуттук банктын башчысы, серепчилер жана коомчулуктун өкүлдөрү бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: