super.kg logo

ЖЫЛНААМА: Балдар үйүнөн чоң сахнага аттанган өспүрүмдөр. Бүгүн "Ласковый май" тобунун негизделген күнү

 
"Ласковый май" тобунун эски курамы.
"Ласковый май" тобунун учурдагы курамы.

Убагында ар бир үналгыдан тынбай жаңырган "Белые розы", "Розовый вечер" хит ырларды аткарган "Ласковый май" тобу 1986-жылы 6-декабрда негизделген.

Топ Орусиянын Оренбург шаарындагы №2 балдар үйүндө музыка ийриминин мугалими болуп эмгектенген Сергей Кузнецов, аталган балдар үйүндө тарбияланып жаткан 13 жаштагы Юрий Шатунов жана Вячеслав Пономарёв тарабынан негизделгени маалым.

"Ласковый май" тобунун курамы аталган балдар үйүндө тарбияланган бир нече өспүрүмдөн турган.

Топ 1988-жылдан тартып ошондогу Совет өлкөсүндө атактуулукка ээ боло баштайт. “Ласковый май” тобунун концертине 5000 көрүүчү келген учурлар дагы болгон.

Өкүнүчтүүсү 1992-жылы аталган музыкалык коллектив өз ишин убактылуу токтотушкан. Топтун ошондогу продюсери Андрей Кудряшовдун чечими менен "Ласковый майдын" негизги аткаруучусу Юрий Шатунов ырчылыгын жыйыштырып, бир нече жылга Германияга кетүүгө мажбур эле.

Бирок Юрий Шатунов кийин өзүн жеке ырчы катары сынап бир топ хит ырларды жарата алды.

Ал эми "Ласковый май" тобу 2009-жылы 90-жылдардагы моданын кайтышынын толкунунда кайрадан сахнага кайткан. Анын курамы Андрей Разин, Сергей Серков, Андрей Кучеров жана Сергей Ленюк сыяктуу таланттуу инсандардан турган.

Топтун учурдагы курамы:

Андрей Разин

Денис Медведев

Андрей Крутов

Дмитрий Кайзер

6-декабрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.12.2021. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин жаштык...
06.12.2021. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ласковый май тобунан бизге эң эле белгилүүлөр Юра Шатунов менен эле Андрей Разин болду окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: