Орусиядан 2013-жылы 168 кыргызстандыктын сөөгү алынып келинди
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынын
маалыматына ылайык, Орусиядан 2013-жылдын 10 айында 168 кыргызстандыктын сөөгү алынып келинди. Анын ичинде ар кандай оорулардан каза болгондордун саны 33, күтүлбөгөн
кырсыктардан улам 57, жол кырсыгынан 23, өзүн өзү өлтүргөндөр 9 жана сууга чөккөндөрдүн саны 12ни түздү.
Өндүрүштөгү кырсыктардан 6 Кыргызстандын жараны каза болсо, 16 адам киши колдуу
болуп каза тапкан. Ал эми 47 адамдын өлүмүнүн себеби аныкталган эмес.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
-2

