super.kg logo
  Спорт  

“Алга” атаандашы “Дордойго” 3:0 эсебинде утулуп, 3-орундан куру калды (фоторепортаж)

 
Беттеш курч мүнөздө башталды.
Кыргызстанда футболдун өнүгүүсү футбол федерациясына, футболдук ишмерлерге жана футболчуларга эле эмес, көрүүчүлөргө да муктаж. Бул оюн дээрлик көрөрмандарсыз өттү.
Беттеште кимдин жеңери "Абдыш-Атанын" футболчусу Алмаз Мирзалиевге да кызык болгонун футболчу өзү билдирди.
"Дордойдун" чабуулчусу Мирлан Мурзаев жаракатынан улам бул оюнгада чыга алган жок.
2011-жылы дал ушул "Алганын" курамында ТОП-Лиганын башкы бомбардири аталган Владимир Веревкин эски өнөктөштөрүнүн оюнун көрүүгө келген. Эске салсак, быйыл ал Ош шаарынын "Алай" командасында ойноп ТОП-Лиганын чемпиону аталды.
КРнын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов да оюнга күбө болду.
"Дордойдун" чабуулчусу Каюмжан Шарипов оюндун акыркы мүнөттөрүнө чейин көзгө толумдуу оюн көргөздү.
Эсеп 3:0. 3-гол кошумча убакытта киргизилди.
"Дордойдун" башкы машыктыруучусунун жардамчысы Замир Жумагулов (алдыда) жана башкы машыктыруучу Анарбек Ормонбеков.

Бүгүн, 15-ноябрда КРнын Топ-Лигасынын сезондогу акыркы беттешинде бишкектик командалар “Дордой” жана “Алга” командалары беттешти.

 

Бул оюнда эгерде “Алга” утса, жаңы жыйынтыкталып жаткан КРнын ТОП-Лигасында 3-орунду ээлемек. Бирок клуб беттешти 3:0 эсебинде уттуруп, 3-орунга илинбей калды.

 

Эске салсак, беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионда өттү. 3 голдун экөөсүн “Дордойдун” чабуулчусу Дэвид Тетте киргизсе, 3-голду Авазбек Откеев өз эсебине жазды.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: