super.kg logo

Бишкекте чет элдик жаран тонолду. Шектүүлөр 19 жана 18 жаштагы балдар экени аныкталды

 

Бишкекте тоноого шектелип 19 жана 18 жаштагы балдар кармалды. Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашкандай, шектүүлөр Пакистандын жаранын тоношкон.

Белгилүү болгондой, 6-декабрда болжол менен саат 19:40 чамасында Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүмүнө тоноо боюнча маалымат келип түшкөн.

"Токтогул жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишине барган милициянын кайгуул кызматкерлерине пакистандык жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз эки бала Apple iPhone 11 үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, качып кеткенин билдирген.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш изи суй электе шектүү катары 2003-жылы туулган М.А. жана 2002-жылы туулган М.Э. аттуу балдар аныкталып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына жеткирилди", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: