Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери 10-12 жылга эркинен ажыратылышты
Жалал-Абаддын Сузак райондук сотунун чечими менен Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы эсепчиси А.Эргешова менен кассири Б.Умарова 10 жана 12 жылга эркинен ажыратылышты. Муну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди. "Алар" бюджеттик каражатты (13 миллион сом) өз кызыкчылыктары үчүн иштетип жиберген деп айыпталышты. Сот аларды иштетип жиберген 13 миллион 625 700 сомду төлөп берүүгө милдеттендирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

