super.kg logo

Коронавирустун омикрон штаммы пневмонияны 2-3 эсе тез пайда кылышы мүмкүн экени айтылды

 

Коронавирустун омикрон штаммы пневмонияны вирустун башка түрлөрүнө караганда 2-3 эсе тез алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, омикрон штаммы мурунку мутацияларга караганда COVID-19 менен ооруган адамдар үчүн үч эсе жугуштуу. Эксперттер вирустун жаңы варианты олуттуу мутацияга дуушар болбостон, дельта штаммына караганда адамдан адамга оңой жугат жана пневмонияны бир нече эсе тез пайда кылат деп божомолдошууда.

Белгилей кетсек, коронавирустун жаңы штаммы омикрон тууралуу алгач Түштүк африкалык дарыгер Анжелик Кутзее биринчи болуп маалымдаган. Көп өтпөй ал бул илдеттин алгачкы белгилери тууралуу айтып берген. Анын айтымында, оорунун алгачкы белгилери кадимки коронавирустан айырмаланып, кыйла жеңил сезилет.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: