Нарында 2 жарым саат аралыгында бир эле көчөдө эки өрт кырсыгы катталды

Белгилүү болгондой, алгач саат 17:09да Эпкин айылындагы үйдүн ачык аянтында жыйылган чөп күйүп жатканы кабарланган. Өрт саат 18:30да чектөөгө алынып, 23:45те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 600 түк саман күйдү.
Ал эми саат 19:43тө ушул эле Эпкин айылынын Сүйүндүк көчөсүндө дагы бир өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Анда бастырмада жыйылган самандан өрт чыгып, 2 тонна саман күйүп кетти. Өрт өчүрүүчүлөр саат 22:00дө өрттү толугу менен өчүрүштү.
Учурда өрт кырсыктарынын келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.