Ош мэриясы радио жана телевидение кызматкерлерин сыйлады
Бүгүн, 8-декабрь күнү радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Ага карата Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бул аймакта ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген телеканал, радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, шаар мэриясы менен тыгыз кызматташып, мында жасалып жаткан жумуштарды коомчулукка жайылтууда салым кошуп келген кызматкерлер сыйланган.
"Калаа башчысы түйшүктүү жана сыймыктуу кесипти аркалап келген чыгармачыл инсандардын ишине ийгилик каалап, Ош мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешүүгө дайым даяр экенин билдирди", - деп жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
anash
08.12.2021. 12:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми промзонага чаеырып койун)
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















