super.kg logo

Ангела Меркель 11 жылдан бери биринчи жолу дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын тизмесине кирген жок

 

Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель Forbes журналынын версиясы боюнча, 11 жылдан бери биринчи жолу дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын тизмесине кирген жок. Муну басылманын сайтында жарыяланган рейтинг тастыктап турат.

Ага чейин 10 жыл катары менен рейтингдин башында турган, бирок саясаттан кеткенден кийин рейтингден чыгып калган. Ошол эле учурда башка лидерлер да таасирдүү аялдардын тизмесине кирди. Мисалы, Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жана Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен.

Германиянын канцлери Ангела Меркель бүгүн, 8-декабрда Германиянын Социал-демократиялык партиясынын лидери Олаф Шольц жаңы канцлер болуп шайлангандан кийин кызматтан кетет.

Буга чейин Берлинде Ангела Меркелдин Германиянын Федеративдүү Республикасынын канцлеринин кызматтан кетишине байланыштуу анын урматына "Күүгүм кеч" аттуу салтанат уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: