super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жанар Акаев: "Саясий өч алууларды артка калтырабыз десек, Атамбаевди үй камагына чыгарыш керек"

 

"Саясий өч алууларды артка калтырабыз десек, экс-президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарыш керек", - деп бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал күч органдарынын өкүлдөрүнө кайрылды. "Негизи Жогорку Кеңештин депутаты жасаган иши, берген добушу боюнча жоопкерчиликке тартылбаш керек. Буга чейин баарыбызды Аскер прокуратурасына чакырып сурак алдыңар. Ошол жерде дагы Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Суу кодекси боюнча мыйзам долбоорунда көрсөтмө берген эмес деп айтканбыз. Биз ошол сөзүбүзгө дагы деле турабыз. Шайлоо өттү, айкөл саясатка өтсөк болот эле. Бул бирөө менен телефондон сүйлөшүптүр, ушак айтты деп камай берсек, Кыргыз өлкөсүндө саясатчы калбайт. Бакыт Жетигенов ак жеринен камалды. Адилеттүү карагыла. Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов ак жеринен отурушат. Саясий өч алууларды артка калтырабыз десек, чын чынына келгенде экс-президент Алмазбек Атамбаевди дагы үй камагына чыгарыш керек. Ал эч жакка качып кетпей турган болгондон кийин, ар кандай суроолорго жоопторду алсак болот", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: