super.kg logo

Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси УКМК тарабынан кармалды

 

Пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

2021-жылдын 6-декабрында Сузак районунун тургуну, Сузак райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери жаш балдарга жөлөк пул алуу үчүн берилген арыздарды кароо жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат делген арыз менен УКМКга кайрылган.

"Буга байланыштуу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча башкармалыгында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында арыздын материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө ("опузалап пара алуу") каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган", - деп билдиришти УКМКдан.

2021-жылдын 7-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, пара алып жаткан жеринен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси М.Э.С кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
08.12.2021. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пособие алуу үчүн 1000 сомдон алышчуу эле бул жерде көп акча го подства окшойт бир жылда анча пособие албайт.
08.12.2021. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пасобия алыш үчүн мисалы үч балаң болсо үч балаңдын алгачкы бир айлык пасобясын алып калышчуу.бул айдан ачык эле сурап туруп алып жүрүшкөн бербейм десең пасобя жок калчусун.айла жок берип эле жүрүшкөн элдер.
09.12.2021. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир омурго кустуруп камасын эми.... Эртен кайра кое бербей......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: