super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев кинематография кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 16-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев кинематография кызматкерлерин Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:

"Урматтуу кинематография кызматкерлери!

 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм! Бүгүн биз өз турмушубузду  киносуз элестете албайбыз. Бул өзгөчө дүйнө, күндөлүк жашоонун күзгүсү, искусствонун эң кеңири тараган түрү. Кыргыз киносунун тарыхы улуттук маданияттын маанилүү бир бөлүгүнө айланды. Өткөн кылымдын 60-жылдары дүйнөдө  "кыргыз керемети" жөнүндө көп айтыла баштаган. Кыргыз  кинематографисттеринин эмгектери эл аралык жана бүткүл союздук кинофестивалдарда жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон.

Кыргыз киносуна Чыңгыз Айтматов өзгөчө эмгек сиңирген. Залкар жазуучунун чыгармалары боюнча дүйнөлүк кинематографиянын алтын казнасына кирген "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Кызыл алма", "Ак кеме" сыяктуу тасмалар жаралган. Кыргыз киносу өз тарыхы, жакшы жөрөлгөлөрү, белгилүү режиссёрлору, сценаристтери, актёрлору менен сыймыктана алат.

 

Бүгүн биз кыргыз киносу кайрадан жарала баштаганына күбө болуп жатабыз. Кыргыз кинематографисттеринин жаңы мууну кыргыз киносунун көрөңгөлүү  салттарын татыктуу улантып кетет  деп ишенем.

 

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин!”

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: