super.kg logo

Дүйнөнүн эң бай адамы акыркы үйүнөн ажырады

 

Tesla корпорациясынын ээси, америкалык миллиардер Илон Маск Калифорниядагы 16 миң чарчы метрлик сарайын 32 миллион долларга сатты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, июнь айында анын үйү 37 миллион 500 миң долларга сатыкка коюлган. Сатып алуучунун ким экени белгисиз. Муну менен Илон Маск акыркы мүлкүн сатты.

Бул үй 1912-жылы француз аристократы Де Гринье тарабынан курулган. Европа стилиндеги үй абдан чоң жер тилкесинде жайгашкан жана жанында көл бар. Де Гриньенин урпактары 2013-жылга чейин мүлккө ээлик кылышып, андан кийин 100 миллион долларга сатышкан. Илон Маск бул мүлктү 2017-жылы 23 миллион 400 миң долларга сатып алган.

Миллиардер Калифорния салыктарды көбөйтүп, жашоо деңгээлин төмөндөттү деп нааразы болгон. Ал үйүн сатуу менен аталган штаттан кетүүнү чечкен. Ал буга чейин корпорациясынын башкы кеңсесин Техас штатына көчүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.12.2021. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Надоел ушулардын мусор байлыгы уже!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: