super.kg logo

"Каза болгондор бар". Индиянын коргоо министри отурган тик учак кулады

 

Индиянын коргоо штабынын башчысы Бипин Рават отурган аскердик тик учак өлкөнүн түштүгүндө кулады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тик учак кырсыгынан кеминде үч адам каза болгон.

"63 жаштагы Коргоо штабынын башчысы Тамилнад штатынын Куноор шаарына жакын жерде кулаган орусиялык Ми-17В5 тик учагында бара жаткан. Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Тик учактагы жүргүнчүлөрдүн саны так айтылган жок. Бирок жергиликтүү басылмалар бортто Бипин Рават менен кошо 14 адам болгондугун жазышты. Коргоо штабынын башчысынын абалы тууралуу маалымат түшө элек. Окуя болгон жерде "Тез жардам" кызматы иштеп, каза болгондордун өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Тик учактын Сулур аба күчтөрү станциясынан чыгып, Тамилнад штатынын батышындагы Веллингтон шаарындагы Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы колледжине бара жатканы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: