super.kg logo

Портер, КамАЗдын аккумуляторлору жоголуп... Баткенде уурулукка шектелип өспүрүмдөр кармалды

 
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жүк ташуучу унаанын аккумуляторун уурдоого шектелип өспүрүмдөр кармалды. Шектүүлөр буга чейин Портер үлгүсүндөгү унаалардын аккумуляторун уурдап, сатып жүргөндүгү белгилүү болду дешти облустук милициядан.
Маалым болгондой, Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, үйүнүн жанында токтоп турган КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаасынын аккумуляторун белгисиз адамдар чечип кеткендигин айтып арызданган. Уурдалган буюмдун баасы 32 миң сом болгон.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурдоо) менен катталды. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынан 15 жаштагы эки өспүрүм кармалды. Алардын бири Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылынын, экинчиси Чаувай айылынын тургундары экени белгилүү болду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган балдар буга чейин да Портер үлгүсүндөгү унаалардын аккумуляторун уурдап, сатып жүргөндүгү да белгилүү болду. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: