super.kg logo

"3 жолу күч менен зордуктады". Ошто милициянын кайгуул кызматкери зордуктоого шектелип жатканы тууралуу маалыматтын чоо-жайы

 

Ошто милициянын кайгуул кызматкери зордуктоого шектелип жатат деген маалымат боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

"Жабырлануучу кыз 18-октябрь күнү Ош шаарындагы мейманканалардын биринде түнкү саат 22:00 чамаларында 3 жолу күч менен зордукталганын айтып Ош ШИИБине 2-ноябрь күнү арыз жазган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Ал эми зордуктоого шектелип жаткан жаран октябрь айынын орто ченинде түнү кызматта жүргөндө "102" кызматы аркылуу чакыруу түшүп, “Скай-Бар” аталышындагы түнкү клубга барганын, жабырлануучу кызды ошол жерден көрүп, милиция бөлүмүнө алып келгендигин башка тааныштыгы жок экендигин айтып, ага карата коюлуп жаткан айыпка каршы экенин билдирген.

Кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анда «кыздык белги мурда бузулгандыгын, жана арыз менен кеч кайрылгандыгына байланыштуу так далилденбей» тургандыгын көрсөткөн.

Жабырлануучу катары өтүп жаткан кызга карата соттук-психикалык абалын билүү үчүн ага карата комиссиялык экспертиза дайындалган. Себеби кыздын көрсөтмөлөрү шек жаратып ал буга чейин жабырлануучу катары бир нече ирет Бишкек жана Ош шаарларында ички иштер органдарына негизделбеген арыз жазгандары жана социалдык түйүндөр аркылуу айткан видео кайрылуулары себеп болгон.

Ал видеолордо өзүн «милиция кызматкери» катары тааныштырган учурлары болгон. Ошондой эле арызда атын А.К. деп тааныштырып, кийин Х.К. экени аныкталган. Натыйжада, комиссиялык соттук психо-психиатриялык экспертиза арыздануучу кыздын абалын карап, "акыл-эси жайында, бирок өзүнүн кызыкчылыгы үчүн окуяны алдап, оюнан чыгарып айта тургандыгы" тууралуу жыйынтык чыгарып берген. Бул факты боюнча берген бардык көрсөтмөлөрү далилденбегендиктен кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу иш өндүрүштөн кыскартылган. Тергөө кызматынын ишине нааразы тарап жогорку инстанцияларга арыз менен кайрылса болот", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
08.12.2021. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мейманканада зордуктап салды деген күлкү келтирээрлик да.Мейманканага чужой эркек менен эмнеге бардын?Албетте,жатыш үчүн бардын да...
08.12.2021. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хе хе шкура айжандын достору
08.12.2021. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгер арызды калп эле жазган болсо өзүнө кайра чара көрүш керек да.
09.12.2021. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шантаж кылып жатат экен да бул шуркуя,озуно чара корулбосо канча баланын тамырына балта чабат...Подстава кылып жан багат экен да бул демек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: