Жакыр үй-бүлөлөрдү колдоонун эффективдүүлүгүн арттыруу максатында КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги социалдык паспорттор менен камсыздоо программасын иштеп чыкты
Бүгүн КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жыйындар залында “Жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү социалдык паспорт менен камсыздоо” программасынын бет ачары болуп өттү. Аталган программа КРнын Социалдык министрлиги жана “Борбор Азиядагы Саламаттыкты сактоо” аймактык программасы тарабынан иштелип чыккан. Ал колдоого муктаж үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүүдө жардамдын туура дарекке баруусуна шарт түзүп, колдоонун эффективдүүлүгүн арттыруу максатын көздөйт. Учурда министрликтин адистери бул демилгени ишке ашыруунун үстүндө иштеп башташты. Алгач аны райондордо жана айыл өкмөттөрүндө ишке ашыруу аракеттери көрүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

