super.kg logo

Жалал-Абадда 17 жаштагы кызды ала качкан бала кармалып, тергөө иштери башталды

 

Жалал-Абадда кыз ала качкан жигит тергөөгө камсыздалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-декабрь күнү саат 07:55 чамасында Жалал-Абад ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "102" кызматына Ж.М. аттуу жаран телефон чалып, Жалал-Абад шаарынан 3-4 чакты балдар 19-20 жаштагы кызды ак түстөгү Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаага күч колдонуп салып, ала качып кетишкендигин билдирген.

"Аталган факты Жалал-Абад ШИИБинде маалыматтык каттоо журналына алынып алдын ала текшерүү башталган. Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө ала качылган кыздын аты-жөнү такталып, Базар-Коргон районунун тургуну 2004-жылы туулган Т.Р. экендиги аныкталган. Ал Жалал-Абад шаарынын жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткандыгы такталган.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө аны өзүнүн айылдашы 1994-жылы туулган С.М. өзүнүн шериктери менен ала качкандыгы аныкталып, тергөө кызматына камсыздалган. Жабырлануучу кыз өзүнүн ата-энесине өткөрүлүп берилген. Учурда шектүү менен бирге кызды ала качкан балдардын аты-жөнүн аныктоо боюнча ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
09.12.2021. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигит тергөөгө камсыздалды дегенинер эмне?.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: