15-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Европада 4 оюн орун алды
	15-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Европада 4 оюн орун алды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунда Европада өз тайпаларында 2-орунду ээлеп калган 8 команда өз ара беттеш өткөрүштү. Эске салсак, бул оюндарда жеңип чыккан командалар Дүйнө чемпиондугуна аттанат.
15-ноябрда катталган оюндардын жыйынтыгы:
Португалия – Швеция 1:0 (гол: Криштиану Роналду)
Украина – Франция 2:0 (голдор: Зозуля, Ярмоленко)
Греция - Румыния 3:1 (голдор: Митроглу, Салпингидис, Митроглу – Станку)
Исландия – Хорватия 0:0
Жооптук оюндар 19-ноябрда орун алат. Анда ушул эле командалар беттешет:
Швеция – Португалия, Франция – Украина, Румыния – Греция, Хорватия – Исландия.
 0 
		
		
	
		
	1  | 							
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














