super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: "Барселона" 21 жылдан бери биринчи жолу 1/8 финалга чыга албай калды (видео)

 

"Барселона" клубу акыркы 21 жылдан бери алгачкы жолу Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычына өтө албай калды.

Каталондук клуб "Бавария", "Бенфика" жана "Динамо Киев" командалары менен бир тайпада оюн алып барган. Алардын арасында фаворит аталганы менен буга чейинки өткөргөн жалпы 5 беттеште 7 гана упай топтоого жетишкен. Плей-офф баскычына өтүү үчүн тайпалык оюндардын акыркы турунда "Барселона" германиялык "Баварияны" жеңиши керек эле же болбосо "Барселонага" тең тайлашып келе жаткан португалиялык "Бенфика" клубу өз үйүндө украиналык "Динамо Киевге" утулушу керек болчу.

Анткен менен 9-декабрга караган түнү болуп өткөн акыркы турдук беттештерде "Барселонага" жеңиш алып келүүчү жогорудагы эки нерсе тең ишке ашкан жок. "Барселона" конокто "Баварияга" 3:0 эсебинде жеңилип калды. Оюндагы голдорду "Бавариядан" Томас Мюллер, Лерой Сане жана Жамаль Мусиала киргизди.

Ал эми "Бенфика" өз үйүндө "Динамо Киевд" 2:0 эсеби менен утуп алды. Муну менен португалиялык клуб 8 упай топтоп плей-офф баскычында ойноого мүмкүнчүлүк алды. Тайпада биринчилик менен өткөн Баварияда 18 упай бар.

"Барселона" эми бедели боюнча Чемпиондор Лигасынан кийин турган Европа Лигасында оюн көргөзөт. Мындай нерсе клубдун тарыхында 21 жылдан бери алгачкы ирет кайталанууда. Чемпиондор Лигасынын 2000/2001-жылдагы сезонунда "Барселона" тайпасында "Милан" жана "Лидс" командаларынан кийин үчүнчү орунду ээлеп калган.






Бавария Барселона беттеши

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
09.12.2021. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клубдун президенттеринин айынан топ клуб ушинтип шерменде болду
09.12.2021. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,Бавария баары Бир Бавария да
09.12.2021. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,шерменде Буга чейин деле болгон и дагы болду 2012 жылы барса составы эн жакшы болчу бирок Бавариядан 7-0 го утулган. Мюллер лига чемпиондо 50 гол уруптур эн кызыгы 8 голду Барсага согуптуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: