Баткенде турак үй күйдү. Өрттүн себеби айтылды
Баткендеги Бужум айылында турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен үйдүн 65 чарчы метр шыбы, ички жасалгасы жана үй-тиричилик буюмдары күйдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт 8-декабрь күнү саат 13:41 чамасында катталган. Өрт саат 14:47де чектөөгө алынып, саат 15:45те толугу менен өчүрүлдү.
Өрттүн себеби жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.