super.kg logo

"Пекин-2022": "Эмне болууда?". Дагы бир өлкө Кытайдагы Олимпиадага баруудан баш тартты

 

Канада 2022-жылы Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялады. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдого таянуу менен чет элдик басылмалар жазышууда.

"Биз кышында Пекинде өтүүчү Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык өкүлдөрдү жибербей турганыбызды жарыялап жатабыз", - деген Трюдо.

Олимпиада оюндарына канадалык спортчулар катыша ала турганы белгиленген.

2021-жылдын февралында тибет, уйгурлардын, ички монголдордун, гонконгдук жана башка өкүлдөрдөн чогулган 180 укук коргоочу уюмдан турган коалиция Кытайдын баш калаасында өтө турган Олимпиадага бойкот жарыялоого чакырган. Ошондой эле ушундай эле сунушту Канада менен Норвегиянын саясатчылары дагы киргизишкен.

Эскерте кетсек, 6-декабрда АКШ расмий өкүлдөрүн Олимпиадага жөнөтүүдөн баш тартканы белгилүү болгон. АКШ буга себеп катары Кытайдагы адам укуктарынын бузулушун айткан. 8-декабрда АКШнын катарына Австралия дагы кошулган.

XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөт. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча бир гана спортчу жолдомо утту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.12.2021. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келбей эле койсун,дипломатын менен кара жерге кир!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: