Бишкекте түн ичинде жылуулук түтүгү өтүүчү кудукка түшүп кеткен аял куткарылды (сүрөт)



Бишкекте түн ичинде аял киши куткарылды. Ал жылуулук түтүгү өтүүчү кудукка түшүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, куткаруучуларга 9-декабрда саат 03:09 чамасында Үмөталиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук өтүүчү түтүккө аял киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, аялды (аты-жөнү такталууда) алып чыгышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.